Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 12.09.2018 16:10 На русском

Көчмөндөрдө 1000 комузчу менен «Маш ботой» күүсүн черткен Руслан Жумабаев акыркы сапарга узатылды (видео, сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда Нарын шаарында 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчунун башында туруп, «Маш ботой» күүсүн черткен белгилүү комузчу Руслан Жумабаев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, маданият кызматкерлери, кесиптештери, дос-санаалаштары жана шакирттери келишти.

Руслан Жумабаевдин артында 5 кыз, 1 уулу, жубайы, ата-энеси жана бир туугандары калды.

Күйөө баласы Айбек Жакыпов: «Байкемдин ар бир кылган иши кыргыз эли үчүн болду. Эч кимге жамандык каалачу эмес. Бизге жакшы кеңешин айтып, жаркылдап жакшы мамиле кылар эле. Ар бир кылган эмгегим кыргыз эли үчүн, балдарым, бир туугандарым үчүн деп айтып калчу. Жубайы Чынара жеңеме абдан жакшы мамиле кылып, сыйлап гана турчу. Экөө бирин-бири колдоп, сыйлап турганын көрүп суктанчубуз. Биз аны менен сыймыктанып жүрөбүз.

Мыкты адамдын артында жакшы гана сөздөр калат. Байкемдин артында уул-кыздары, чыгармачыл жолун улап кетчү шакирттери калды. Атам менен апама келгенде комузун колго алып, күү чертип калар эле.

Арты кайрылуу болуп, жаткан жери жайлуу болсун! Узатуу зыйнатына келген чыгармачылыктагы агалары, жакын санаалаштары, досторуна, шакирттерине жалпы элиме ыраазычылык билдирем», - деди.

Маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков комузчу тууралуу буларга токтолду.

«Руслан байкем менен мен Кыргыз улуттук консерваторияга келгенде таанышкам. Атын алыстан гана угуп, жакындан жолукканда чыныгы таланттуу адам экенине таң бергем. Кийин чогуу көптөгөн гастролдорго чыгып жүрдүк. Анын жаркылдаган мүнөзү, күүнү дагы жан дүйнөсү менен берилип черткени, ишине өтө берилгендиги, бардык адамдардан жардамын аябагандыгы жана башка көп жакшы сапаттары менен менин жана жалпы чыгармачыл адамдардын эсинде калды десем болот. Руслан байкебиз комуз дүйнөсүнө өзгөчө жаңычылыкты ачкан залкар адам катары эсибизде калат. Жаткан жери жайлуу болсун!», - дейт А.Мусабеков.

Комузчу бөйрөгү ооруп, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткан. Бирок жакшы боло албай, 10-сентябрда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×