Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.09.2018 23:41

Караколдо шахмат сүйүүчүлөрү үчүн эс алуу жайы жасалууда

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук гүл бакчасында орун алган эски оргуманын ордуна шахмат сүйүүчүлөрү үчүн эс алуучу жай жасалууда. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкеев билдирди.

Анын айтымында, оргума Союз маалында курулган, учурда иштебей турат. Эми анын ордуна эс алуу жайы курулат, ага жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт.

«Шахматты жакшы көргөн тургундар үчүн 10 шахмат столу орнотулат. Ошондой эле ал жерде шахмат, нарда да ойносо болот. Түнкү жарыктандыргычтар жана таштанды салуучу үкөкчөлөр орнотулат. Бул жер бактардын жанында жайгашып, таза абада эс алууга жакшы шарт түзүлөт», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×