Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, - 13-сентябрга карата аба ырайы

Turmush - Эртең, 13-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +6...+11
күндүз +18...+23
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +2...+7
күндүз +17...+22
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +10...+15
күндүз +23...+28
Баткен облусунда
түнкүсүн +10...+15
күндүз +23...+28
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +5...+10
күндүз +16...+21
Нарын облусунда
түнкүсүн +2...+7
Күндүз +18..+23
Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалы аз. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11 градус, күндүз +21...+23 градус болот.
Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10 күндүз +16...+18 градус болот.