Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
12.09.2018 14:22 Жаңыланды: 12.09.2018 18:33 На русском

Улан Саляновду эмне үчүн өлтүрүшкөн? Шектүүнүн көрсөтмөсү (видео, сүрөт)

Turmush -  Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу үчүнчү шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ИИМден маалымдашты.

1975-жылы туулган У.Саляновго кол салуу 2017-жылдын 6-ноябрында саат 01:30 чамасында болгон. Бет капчан 3 адам маркумдун Көк-Жар айылындагы үйүнө кирип, үй ээсине ок аткандан кийин качып кетүүгө жетишкен. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган болчу. Ал Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашап жаткан.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги 2-бөлүмдүн 14-пункту (адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш иштин алкагындагы тергөөдө биринчи шектүү — 1986-жылы туулган Э.Осмонкулов 27-ноябрь күнү колго түшүрүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, шектүү Чүй облусунун тургуну, мурда бейбашчылык, талап-тоноо жана уурулук боюнча сот жообуна тартылган.

Маалым болгондой, ал 2016-жылы эркиндигинен ажыратылып, абактан качып кеткенден кийин 2017-жылдын ноябрында ЖАМК 336-берененин 1-бөлүмү (абактан качуу) менен издөө жарыялаган. Тергөөнүн жүрүшү менен бул шектүү бир катар оор кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Алардын бири — 2017-жылдын августунда Ош шаарындагы ишкерге кол салуу. Анда куралчан кылмышкерлер ишкердин 1 млн 300 миң сом акчасын тартып алышкан.

Экинчи шектүү — 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир Кыргызстан менен Россиянын Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн биргелешкен аракети менен 2018-жылдын январь айында Москва шаарында кармалып, күнөөнү мойнуна алган. Учурда аны экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Ошондой эле Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген үчүнчү адам Россиянын аймагында кармалды. Шектүү — 1988-жылы туулган Насруллаев Заур 2018-жылдын августунда Екатеринбург шаарында жүргөнү аныкталып, кармалгандан кийин ал да күнөөнү мойнуна алган. З.Насруллаев Россиянын жараны болуп эсептелет. Учурда шектүүнү Кыргызстанга берүү боюнча Россиянын тиешелүү органдарына документтер жөнөтүлдү.

Асанэмир Абыкуловдун Москвада кармалгандан кийинки көрсөтмөсү:

Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан иш акыркы жолу 6-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, отурум жылдырылган. Процесс башталганга чейин сот залына кирген конвоир жактоочу менен А.Саляновага айыпталуучу О.Эрмек сот залына алынып келбегенин билдирди.

Анын айтымында, шектүүнү СИЗО-1 мекемесинен алып кетүү боюнча тапшырма берилген, бирок ал УКМКнын абагында камакта. Кийинчерээк соттун катчысы шектүү белгисиз себептер менен сот залына алынып келбегенин билдирди.

Ал эми процесске келгендер Оштон Бишкекке каттап жатышканын жана шектүү сот залына алынып келбегенин айтып нааразы болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×