Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2018 13:42 Жаңыланды: 12.09.2018 15:17

Р.Карабаева 20 жылдан кийин Кыргызстандын жараны болсо, Б.Төраева 10 жылдан бери 2 ай сайын Өзбекстанга барып турчу

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрь күнү Ош шаарында чет өлкөлөрдөн жана коңшу мамлекеттерден келген 14 адам Кыргызстандын жарандыгы тууралуу документтерди алышты. Бул иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова, БУУнун Борбордук Азия боюнча координатору Ясуко Ода жана бейөкмөт уюмдардын Ош облусундагы өкүлдөрү катышты, деп билдирди кабарчы.

Кайрылмандар (1)

Маалым болгондой, учурда 13 миң кайрылмандын дээрлик 90 пайызы тиешелүү документтерин алышкан. Түрдүү себептерден улам Кыргызстандын жарандыгын албай жүргөн кайрылмандар менен өкмөттүн тиешелүү тармактагы кызматкерлери, БУУ жана бейөкмөт уюмдар иштешип, жарандык алуу үчүн кайрылгандардын 90 пайызы документтер менен камсыздалган.

«Биздин программанын 1-этабы Бириккен улуттар уюму менен биргеликте Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында ийгиликтүү жыйынтыкталганы турат. 2014-жылдан баштап 13 миң жарандын арызын кабыл алып, алардын документтерин териштирип, бүгүн анын ичинен 14 адамга паспорт берип жатабыз. Көп жылдардан бери паспорт албай жүргөндөр бүгүн паспорттуу болушту», - деди Мухабат Пратова.

Кыргызстандын жарандыгын жаңы алгандардын арасында 20 жылдан ашуун убакыттан бери Өзбекстандын жараны болуп жүргөн Рахида Карабаева да бар.

«Мен өзүм Өзбекстандын жараны элем. Бирок Кыргызстанда жашаганыма 20 жылдан ашуун убакыт болду. Мен бул жакка келин болуп келгем. Учурда тун балам 20 жашка чыкты. Буга чейин ооруканага кайрыларда да тоскоолдуктарга дуушар болчумун. Албетте, Кыргызстандын жарандыгы жок жашоого кыйын экен. Балдарга жөлөк пул дегенди алган эмесмин. Өзүм Өзбекстандын Андижан облусунда чоңойгом», - деди Р.Карабаева.

Ал эми 10 жылдан бери Өзбекстандын жараны болуп, Ошто жашап жүргөн Батма Төраева 2 ай сайын Өзбекстанга барып турган.

«Ошко көчүп келгенибизге 10 жыл болду. Өзүм мурун Өзбекстандын жараны элем. Ар 2 сайын Өзбекстанга барып турчумун. Мына бүгүн 10 жыл дегенде Кыргызстандын жарандыгын алдым. Эми мага да оңой болуп калды», - деди Б.Төраева.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратованын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 70ке жарандыгы жок адамдар жашайт. Жакынкы айларда алардын да документтери такталып, Кыргызстандын жарандыгын берүү багытындагы иштер жүрүп жатат.

Кайрылмандар (2)

Кайрылмандар (3)

Кайрылмандар (4)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×