Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.09.2018 13:29

Ак-Сууда дыйкандар жер иштетүүгө өзгөчө маани берип калышты, - аким

Turmush -  Ак-Суу районунда дыйкандар жер иштетүүгө жылдан жылга өзгөчө маани берип жатышат. Бул тууралуу райондун акими Улан Дөкөнбаев билдирди.

Анын айтымында, райондо пайдаланылбай калган жердин көлөмү жылдан жылга азаюуда.

«Былтыр пайдаланылбаган 192 гектар жер бар болсо, азыр ал 165 гектарга чейин кыскарды. Дыйкандар жер иштетүүгө маани берип калышты. Түшүмдүн баасынын гана төмөндүгү болбосо, дыйкандар азыр кайсыл жер семирткичти себишти, жерди кантип иштетүү керектигин жакшы түшүнүп калышты. Учурда көп жылдык чөп 11256 гектар жерди ээлейт.

Ак-Суу району чындыгында суунун башында орун алгандыктан суу жетиштүү. Бирок, эмнегедир дыйкан-фермерлер күзгү сугатка маани бербей жатышат. Эгер, күзгү сугатка өтсөк, түшүмдү 20-25 пайызга көбөйтсө болмок», - дейт аким Улан Дөкөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×