Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.09.2018 13:17

Ак-Талаанын Баетов айылында майып балдарга укуктук жардам берүү борборун ачуу пландалууда

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук колдоо көрсөтүү борборун ачууга аракеттер көрүлүп жатканын айылдык кеңештин депутаты Нургүл Мамбетова аймактык кабарчыга билдирди.

Буга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү үчүн мектеп-лагерь ачылып, бирок имарат жана логопеддин жоктугунан бир айдан соң жабылган эле.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук жактан колдоо көрсөтүү борборун ачууга аракет кылып жатабыз. Буга чейин мектеп-лагерь ачуу үчүн эл аралык уюмдарга бир нече долбоор сунуштап көрдүк. Бирок жыйынтык болгон жок. Ошол себептен мамлекетке ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук жактан колдоо көрсөтүү борборун ачууну сунуштаганбыз. Андан сырткары, айыл өкмөт тарабынан имарат таап берүү боюнча сунуш берип жатабыз. Бул ишти ата-энелер дагы колдоого алып жатышат. Кудай буюрса жакынкы аралыкта иш оңунан чечилип калат деген үмүттөбүз», - деди Н.Мамбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×