Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2018 13:17

1,6 млн сомдук чыгым. Ош мэриясындагы аткаминерлерге кылмыш иш козголду

Turmush -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош шаардык мэриясындагы кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкташты. Бүгүн, 12-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, мэриядагы жогорку кызматтагы адамдар жана муниципалдык менчикти ижарага бөлүштүрүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү жеке ишкер менен имаратты 10 жылга ижарага берүү үчүн келишимин түзүшкөн. Ишкер айына 150 миң сом ижара акы төлөй турган болуп, бирок алгачкы 3 айдагы акыдан бошотулган. Бул келишим менен Ош шаардык кеңешинин токтому бузулду.

Мындай мыйзамсыз иштин кесепетинен мамлекеттин бюджетине 1 млн 650 миң сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-берене (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×