Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 12.09.2018 13:05 На русском

Баткендеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кан тапшырууга 150дөй адам кезекте турат (сүрөт)

Turmush -  Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кан анализин тапшырууга 150дөй киши кезекте турат. Анализ алуу саат 8:30дан баштап 11:00гө чейин болгондуктан көпчүлүккө кезек жетпей жатат.

«Баламдын канын тапшыруу үчүн келип, 120-кезекте турам. Жалпы 150дөй адам бар. Бул жерде эки-үч күндөп кезек күтүп, жумушуна барбай калгандар да бар экен. Шаардык ооруканадагы дарыгерлер өргүүгө чыгып кетиптир», - дейт шаар тургуну Адилет Салимбай уулу.

Аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда мындай көрүнүш бир жумадан бери кайталанып жатат. Буга бала бакчадагы балдардын да келүүсү себеп болууда.

«Буга чейин мындай эмес эле. Акыркы эки-үч күндөн бери бала бакчалардагы балдар келишүүдө. Анткени анализи жок балдарды бала бакчага кабыл алышпайт. Кечээ билим берүү бөлүмүнө бир күндө 20-30дан бала жөнөткүлө деп айттык. Бул көпкө узабайт, балдардын анализи бүтсө, кезек күтүү болбойт», - деди облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Арзыбек Борубеков.

Анализ алуу саат 8:30-11:00 аралыгында жүргүзүлсө, жыйынтыгы саат 17:00гө чейин чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×