Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.09.2018 12:59 На русском

Тоңдо дени сак уйлар басып баратып эле өлүп калууда, - тургундар (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу-2 айылында дени сак уйлар өлүп, диагнозу табылбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын тургундары билдиришти.

«Уйлар басып бара жатып эле кулап, өлүп калууда. Буга чейин аларды ветеринардык кароодон өткөргөнбүз. Баардыгы таза чыккан эле. Айылдан 5 уй өлдү. Жайлоодон болсо 30 чактыдай уй өлдү деп айтып жатышат. Айылдык ветеринардык дарыгерлер эмне себептен өлүп жатканын билбей жатышат.

Негизи жайлоодо бир ай мурун эле өлүп баштаган. Эми минтип айылда да өлө баштады. Ал уйлардын баардыгы 1-2 жаштын тегерегиндеги малдар. Райондук ветеринардык бөлүмүнөн келип көрөбүз дешип, ошол бойдон келе элек. Өлгөн уйларды айла жок көмдүк», - деди алар.

Тоң райондук ветеринардык бөлүмүнөн билдиришкендей, Туура-Суу-2 айылынан 20-30 чакты уй өлдү деген маалымат туура эмес.

«Болгону эки торпок өлгөн. Диагнозу пострелоз деп коюшкан. Мында уйдун моюн бездери шишип, дем албай калат. Малдарга дары сайылган. Бүгүн дагы айылдык ветдарыгерлерге ошол айылга барып, ар бир үйгө кирип, уйларды карап чыккыла деп тапшырма берилди», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×