Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.09.2018 12:55

Тагдыр: 4 баланын энеси Назгүл денесиндеги ыйлаакчалардан улам түнкүсүн уктай албайт (фото)

Turmush -  Түп районунун Сан-Таш айылынын тургуну Назгүл Жумашева 4 жылдан бери вульгардык көбүкчө (вульгарная пузырчатка) оорусу менен жабыркап келет.

Өзүнүн айтымында, ал 13 жыл мурун Руслан аттуу жергиликтүү тургунга турмушка чыккан. Учурда алардын 4 баласы бар. Ар кайсыл жумушта иштеп, тапкан каражаттары үй-бүлөнүн айрым муктаждыктарына жетип келген. Бирок 4 жыл мурун алар көп кыйынчылыктарга дуушар болушту.

«Мен каршы болгонума карабай Русланга жубай болсом да биздин жашообуз жакшы эле болду. Ал мени сыйлайт, үй-бүлөсүн багууга дайыма аракет кылат. Баш кошкондон бери экөөбүз эки уулдуу жана эки кыздуу болдук. 2014-жылдын апрель айында менин эриндеримде жаралар пайда боло баштады, бирок мен ага маани деле берген эмесмин. Кийин жаралар көбүк болуп жарылып баштады. Андан кийин ыйлаакчалар колумда, далымда дагы пайда болуп, анан канап баштады. Дарыгерге көрүндүм, бир аз жакшы болуп, жаралар жоголгонсуп калган. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра чыга баштады. Экинчи жолу Бишкекке барып көрүндүм, ал жактан «вульгардык көбүкчө» деген диагноз коюшту. Мындай оору иммундук система бузулганда пайда болот экен. 2014-жылдан бери гормондук дарыларды ичип жатам», - дейт ал.

Анын айтымында, алардын үйү жок болгондуктан айылдашынын эски үйүндө убактылуу жашап жатышат. Алардын киреше булагы балдардын жөлөк пулу жана жолдошунун майыптыгына алган пенсиясы болуп саналат.

«Мурун жолдошум Кырчын жайлоосунан кымыз ташыган автобустун айдоочусуна жардам берип иштечү. Быйыл такыр иштеген жок. Анткени, мен балдарга тамак жасап, үй жумуштарын жасай албайм, себеби жараларым канап кетет. Түнкүсүн дагы уктай албайм, денемдин териси тартылып, катуу оорутат. Ошондуктан үйдөгү жумуштарды жолдошум жасайт. Балдар азырынча кичинекей, аларды жакшылап кароо керек», - дейт Н.Жумашева.

Алардын эң улуу баласы Нурканат 6-класста окуса, экинчиси Айсезим майыптыгына байланыштуу мектепке бара албайт. Үчүнчүсү Гүлзинат кийинки жылы мектепке барат. Эң кичүүсү — Нуржигит көз оорусу менен төрөлгөн.

Назгүл Жумашеваны дарылоо үчүн дарыгерлер 4 миң доллар талап кылынарын айтышкан. Бирок бул үй-бүлөнүн мындай каражаты жок. Ошондуктан алар кайдыгер карабаган адамдардан каражат чогултууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүшөт. Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0709 031 291 (Тахмина, Назгүлдүн келини) номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×