Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 12.09.2018 12:14

Кыргыз-тажик чек арасында 2 тоннадан ашык пияз алып өтүүгө аркет кылган адамдар кармалды

Turmush -  Кечээ, 11-сентябрда Баткен районунун аймагында, тактап айтканда кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен жүк алып бара жаткан 2 адам кармалды. Алар Кыргызстандын жарандары болгон, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Кармалган адамдар өткөрүү пунктунан тышкаркы аймакта республиканын аймагына Тажикстандан 2 тоннадан ашык пиязды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган. Ошондой эле алардын жанында тиешелүү документтери да жок болгон.

Кармалган эки адамга айып салынып, жүк менен кошо Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×