Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 12.09.2018 12:12 На русском

Кырчында Түркиянын биринчи айымы унаа тыгынга кабылды. Күнөөлүүлөр жазаланат

Turmush -  Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда унаа тыгынга кабылып, ыңгайсыз абалга туш болгон. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин секретары Дамир Сагынбаев билдирди.

«Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган унаа тыгынга кабылган», - деди ал.

Дамир Сагынбаевдин айтымында, мындан улам кызмат адамдары тиешелүү жазаларын алышат жана жазалоо укук коргоо органдарында жана башка түзүмдөрдө жумуштан алууга чейин барат.

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтүп, ага Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган жана анын жубайы Эмине Эрдоган да катышкан. 3-сентябрда Түркиянын биринчи айымы Кырчын жайлоосундагы этношаарчаны көрүп, маданий иш-чараларга күбө болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×