Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 12.09.2018 11:57

Кыргызстандык журналист 6 күндөн бери Түркиядагы ооруканада комада жатат

Turmush -  Ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине барган кыргызстандык журналист Жыпариза Ашыранкулова 6 күндөн бери комада жатат. Бул тууралуу анын келини Алтынай Кыргыева бүгүн, 12-сентябрда кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстанда гезиттерде эмгектенген Ж.Ашыранкулова 3 ай мурун Түркия мамлекетине сиңдисинин жанына учуп кеткен. Ал буга чейин астма оорусу менен ооруп жүргөндүктөн аба алмаштыруу максатында барган.

«Түркиянын абасы нымдуу болот. Эжем ал жактан айыгууну каалаган. 6-сентябрда көчөдөн астма оорусу кармап, Анкарадагы оорукана жеткирилиптир. Азыркы күнгө чейин комада жатат. Аталган ооруканадан дарыланууга күнүнө 410 доллар алынат экен», - деди А.Кыргыева.

Буга байланыштуу туугандары кайрымдуу адамдардан жардам сурайт. Ж.Ашыранкулова 4 баланын (2 кыз, 2 уул) апасы.

Жыпариза Ашыранкулова

Жыпариза Ашыранкулова

Алтынай Кыргыева менен байланыш номуру — 0709 11 90 16.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×