Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.09.2018 11:48

26 жаштагы Жолдош Садыгулов Ат-Башы райондук калкты тейлөө борборунун улук оператору болуп дайындалды (сүрөт)

Turmush -  26 жаштагы Жолдош Садыгулов Нарын облусунун Ат-Башы райондук калкты тейлөө борборунун улук оператору болуп дайындалды.

Жолдош Садыгулов 1992-жылы Нарын шаарында туулуп, ушул жерде өскөн. Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектебин аяктап, Нарын мамлекеттик университетин бүтүргөн. 2016-жылдан бери Нарын шаарындагы калкты тейлөө борборунда эмгектенип келген. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Буга чейин, 11-сентябрь күнү Ат-Башы районунун борборунда калкты тейлөө борбору ачылып, иштеп баштаган эле.

Ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин, облустук калкты тейлөө борборунун өкүлдөрү жана тургундар катышып, кызыл тасма кесилди. Эми аталган борбордон жарандар бир эле учурда паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка бир катар документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Борбордо тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында баардыгы электрондоштурулган. Бир жаран 10 мүнөт аралыгында тейленип, ага акысыз кеңеш берилет. Борбор мурдагы почтанын имаратында орун алган. Бир эле учурда ушул имараттын ичинде паспорттоштуруу, жарандык актыларды каттоо, касса, сүрөткө түшүү жумуштары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×