Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.09.2018 11:37

Дардак-Төбө айылындагы окуучулар мурунку гаражда окуп, дене тарбия сабагында көмүрканада кийинишет (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Дардак-Төбө айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы мектептин окуучулары мурунку гараждын имаратында билим алышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуучулар 1 партада үчтөн отуруп окууга аргасыз. Ошондой эле мугалимдердин дагы усулдук бөлмөсү жок. Билим берүү мекемесинде бир дагы компьютер жок жана дене тарбия сабагында окуучулар көмүрканада кийимдерин алмаштырып келишет.

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Турдалы Момунбеков мектепте көйгөй курч экенин белгиледи.

«Мектепте көйгөйлөр чындыгында көп. Жол тейлөө ишканасынын мурдагы гаражы оңдолуп, ал мектеп катары пайдаланып келет. Мектепте 4 бөлмө бар, бир бөлмөгө болгону алтыдан гана парта батат. Окуучуларга сабак берүү үзгүлтүккө учурабаш үчүн ошол оңдолгон имаратта сабак өтүлүп жатат», - деди ал.

Мектепте учурда 167 окуучу билим алат. Айыл өкмөттүн борборунан 10 чакырым алыс жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×