Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баракелде, Бишкек 12.09.2018 11:09

Лада Орозбаева Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Turmush -  Лада Орозбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Орозбаева Лада Жантаевна Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Л.Орозбаева 2014-жылдын 16-сентябрында президент А.Атамбаевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×