Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.09.2018 10:36

Кызыл-Жылдыздагы мектептин ашканасы оңдоодон өтүп, 9 видеокөзөмөл орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын К.Акиев атындагы орто мектебинин ашканасы оңдоп-түзөөдөн өтүп, балдардын коопсуздугу үчүн 9 видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу мугалим Садагүл Калиева билдирди.

Анын айтымында, мектептин ашканасы 130 миң сомго оңдоп-түзөөдөн өткөн.

«Андан тышкары "Мерсико" уюму тарабынан жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен керектүү жабдыктар алынды. Ошондой эле мектепке балдардын коопсуздугун коргоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, 9 жерге видеокөзөмөл орнотулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×