Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2018 10:21 Жаңыланды: 12.09.2018 11:16 На русском

Ошто бай үй-бүлө издеген аял жээн небересин 20 миң сомго саткан (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 20 миң сомго сатылган ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Ал жакында апасы менен бирге жашап баштайт, деп билдирди Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева.

Анын айтымында, акчага сатылган кыз учурда мамлекеттин камкордугунда.

Жээн небересин сатууга шектүү аял

«Ошто таенеси тарабынан сатылды делген кызга апасынын фамилиясы берилип, учурда шаардагы реабилитациялык борбордо жашап жатат. Бул боюнча Өзгөн райондук социалдык өнүгүү бөлүмү иш жүргүзүп, ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Эреже боюнча наристе 6 айга чейин Ош шаардык реабилитациялык борбордо жашайт. Тактап айтканда, ал март айынын аягында алынып келген. Эми сентябрь айынын аягында апасына өткөрүлүп берилет», - деди Г.Раева.

Сатылган кыздын апасы

мать девочки, которую бабушка пыталась продать за 20 тыс. сомов

Окуя тууралуу:

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери өзүнүн жээн небересин сатууга аракет кылган аялды кармашканын ИИМдин басма сөз кызматы 2018-жылдын 26-мартында билдирген.

Ош шаарында жашаган аял жаңы төрөлгөн небересин сатууга аракет кылып, алуучу тапкандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери ал аялдын өздүгүн аныктап, ал Ош облусунун М.Л. аттуу 59 жаштагы тургуну экенин такташкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан оперативдүү иштердин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында ал аял небересин сатып, 20 миң сом алгандан кийин дароо колго түшүрүлгөн. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) менен кылмыш иши козголгон болчу.
Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Шектүү аял көрсөтмөлөрүндө жээн небереси жакшы шартта чоңойсун деген ой менен жетиштүү үй-бүлөгө сатканын айткан.
Наристени апасы 20 жашында никеси жок төрөп, аны багууга тайларынын шарты болгон эмес. Ал эми баланын атасы тууралуу маалымат жок.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×