Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 12.09.2018 09:57 На русском

Бишкекте зордуктоо аракетине кабылган кыз 3-кабаттан секирген. Кылмыш иши козголду

Turmush -  Бишкек шаарында 18 жаштагы кызды зордуктоо аракети боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 11-сентябрда АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, мейманканада эркек киши жаш кызды зордуктоого аракет жасап коркуткан.

Буга чейин Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы АКИpress агенттигине аталган кыздан зордуктоо аракетине байланыштуу арыз түшкөндүгүн билдирген. Анда жабырлануучу 3-август күнү кафеде таанышкан жигит менен бирге мейманканага барганын айткан.

«Мейманканадан шектүү жигит зордуктоого аракет кылганда кыз терезеден секирген. Учурда экспертизалар дайындалды. Топтолгон материалдардын негизинде тергөөчүлөр тиешелүү чара көрөт», - деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×