Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.09.2018 09:29

Ат-Башыдагы катуу шамал 6 үйдүн чатырын учуруп кетти

Turmush -  Ат-Башы районунда 10-сентябрь күнү болгон катуу шамал турак үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кетти. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жетти, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Катуу шамал Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак үйдүн жана 2 чарбалык курулуштун 26 даана шиферин, 85 чарчы метр туникесин учурган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×