Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 12.09.2018 09:17

Нарында «Адам сатууга  каршы 100 күн» акциясынын алкагында сынактар өткөрүлөт (сүрөт)

Turmush -  Ушул жылдын 10-сентябрынан баштап Нарын облусунун аймагында «Адам сатууга каршы 100 күн» 3 айлык маалыматтык акциясы старт алды. Бул тууралуу 11-сентябрда Нарын шаарында өткөн маалымат жыйында айтылды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы А.Осмоналиев, Нарын шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Т.Аруунов, эксперт С.Жумалиева, Нарын облустук жаштар ордосунун директору Ж.Ражабов маалыматтык акциясы тууралуу маалымат беришти.

10-сентябрдан 10-декабрга чейин республиканын аймагында старт алган маалыматтык кампаниянын максаты – адам сатуу, эмгекке мажбурлоо көйгөйлөрүн чечүүдө жана өкмөттүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жаштар уюмдарынын маалымдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.

Маалыматтык кампанияда «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясын өткөрүү, 16 жаштан 20 жашка чейинки жаштар менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүү, «Орган сатуу – кылмыш. Балдарды сатуу – кылмыш» атуу дебат боюнча турнир, спорттун футбол, волейбол жана хоккей түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүү, «Нарын облусунун жаштары балдарды сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы» ток-шоу, студенттер (журналисттер) арасында «Адам сатуу менен күрөшүү» темасында мыкты макала жана репортаж сынагын өткөрүү, «Тандоо эркиндиги – бул баалуулук» темасында 8-11-класстар арасында сүрөт сынагын өткөрүү, граффити тартууга даярдык жана өткөрүү, «Жаштар колдойт!», «Коопсуз жумуш» вакансиялар жармаңкесин өткөрүү, 15-17 жаштагы балдар үчүн «Балдар менен кыздардын ортосунда мамилени жөнгө салуу ыкмалары» боюнча маалыматтык жолугушууларды уюштуруп өткөрүү жана башка иш-чаралар камтылган.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева адамдарды сатууга каршы-күрөшүү багытында облустук координациялык кеңеш түзүлүп, аймактарда иш-чаралар кабыл алынганын жана чет өлкөгө чыгуунун коркунучтары, эрежелери боюнча жаштарга, окуучуларга, ата-энелерге ар кандай форматта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

«Облустук деңгээлде “Нарын облусунда адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2018-жылдын 3-июлунда №137 буйругу чыккан. Координациялык кеңештин курамы 20 адамдан туруп, мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү киргизилген. Иш пландардын негизинде жер-жерлерде калк арасында, адам сатууга каршы багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Нарын облусунун аймагында адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты пропагандалоо менен бир катар иштер аткарылып келүүдө. Адамдарды сатуунун келип чыгуу факторлору жана кесепеттери болуп, өзгөчө жаштар арасында жумушсуздук көйгөйүнөн жана чет өлкөлөргө жумуш издеп чыккан жарандарыбыздын укуктары корголбой келүүдө. Мындан сырткары интернет булактарын колдонгон адамдардын кескин көбөйүп жатышы, жарандардын укуктарын туура пайдаланбай жаткандыгынан адамдардын сатылышына жана ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге, кылмыштуулукка пайдаланылып жаткандыгы себеп болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×