Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.09.2018 23:14

Жети-Өгүздүн тургундары облус башчысына бир нече көйгөйлөрдү айтышты (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Жети-Өгүз районуна болгон иш сапарынын алкагында Б.Ибраев атындагы маданият үйүндө райондун эли менен жолугушту. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Жолугушууда негизинен райондогу мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу менен окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси айтылды.

Ошону менен бирге айылдарда асыл тукум мал чарбачылыгын жана эт, сүт багытындагы ири мүйүздүү мал-жандыктардын санын эмес, сапатын жакшыртуу керектиги айтылды. Буга улай элеттиктер таза суу, жолдордун абалы, электр энергияга болгон төлөмдөр боюнча маселелерди көтөрүштү.

Жолугушуудан соң, өкмөттүн өкүлү Оргочор айылындагы асыл тукум кой чарбасы, Кызыл-Суу айылындагы Кирпич заводу жана Дархан айылындагы суу тазалоо жайынын абалы менен таанышып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө тийиштүү тапшырмаларды берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×