Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 11.09.2018 18:57

«Убадаланган насыя берилген жок»: Ижарага алган жерди 5 млн сомго өздөштүргөн дыйкандын көйгөйү (видео)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну Абдинаби ажы Муратов айыл өкмөткө тиешелүү 248 гектар жерди 49 жылга ижарага алып, алма жана кара өрүктүн көчөттөрүн отургузган. Ал жерди өздөштүрүүгө 5 млн сомго жакын каражат жумшаган.

Өзүнүн айтымында, быйыл 30 гектарга жакын жерге 10 миң түп алма жана кара өрүктүн көчөттөрүн отургузду. Ал кара өрүктүн көчөттөрүн Аксы районунун Авлетим айылынан алып келген. Жерди өздөштүрүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна алгач 32 млн сомго, кийинчерээк 72 млн сомго долбоор жазган. Бул долбоор дыйкандарды колдоого багытталган болчу.

«Бул жерди өздөштүрүүгө 5 млн сомго жакын каражат жумшадым. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мамлекет тарабынан дыйкандарга төмөн пайызда насыя берилет дегенинен айыл өкмөт менен сүйлөшүп, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрылгам. Бирок эки жылдан бери эч кандай жыйынтык чыккан жок. Өзүм башка банктан насыя алдым, себеби башка айлам жок болчу. Быйыл күн ысык болуп, көчөттөрдү 3 техника менен күнү-түнү сугардык. Көчөттөрдү сугарууга бир күндө 20-30 миң сом сарпталып жатты», - деди ал.

2

Дыйкан белгилегендей, быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында дыйкан-багбандарга арзандатылган насыя берилери убадаланган.

«Арзандатылган насыя берилбей, дыйкандардын мээнети текке кетип, тиккен көчөттөр куурап калуу коркунучунда турат», - деди ал.

Ал эми Баткен районунун акими Кеңеш Салихов: «Россия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшкөндө аталган дыйкан башка банктан насыя алганы маалым болду. Ошондуктан ага насыя берилбейт экен. Көчөттөрү куурап калбашы үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайлоосунан келүүчү Адыгине суусунан колдонууга уруксат берилди. Өзү резервуар куруп, тамчылатып сугаруу жолу менен пайдаланса болот», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×