Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 11.09.2018 16:50 На русском

Сокулукта 5 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдаган аял 3 жылга шарттуу кесилди

Turmush -  Сокулук райондук соту Насибага (аты өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Эмне үчүн айыпталып жатат?

Насиба ушул жылдын 30-январында болжол менен саат 13:30 чамасында Новопавловка айылындагы дүкөндөн 3 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдап алып, андан соң дароо изин жашырган.

Насиба 31-январда болжол менен саат 16:30 чамасында аталган дүкөндөн 2 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдап чыгып бара жаткан жеринен коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Насиба өзү эмне дейт?

30-январда спирт ичимдигин ичкиси келген Насиба акчасы жок дүкөнгө барып, 3 бөтөлкө арак уурдап алган. Андан соң үйүнө келип, жарандык никедеги күйөөсү менен уурдалган арактарды ичишкен. 31-январда да аталган дүкөнгө барып, 2 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдаган. Бирок эшиктин алдынан коопсуздук кызматынын кызматкерлерине кармалып калган.

Жыйынтыгында сот Насибаны 3 жылга эркиндигинен ажыратып, 10 миң сом айып салды. Сот көрсөтүлгөн жазаны 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептөө өкүмүн чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×