Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 11.09.2018 16:29

Искрадагы көйгөй: Мектеби жок окуучулар коңшу айылда окуп, бала бакчасыз бөбөктөр үйдө тарбияланууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Тешик-Таш тилкесинде бала бакча жок. Тургундар балдарын 5-6 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы бала бакчага унаа менен алып барышчу.

Жашоочулардын айтымында, учурда 20га жакын жаш балдар бала бакчага барбайт. Себеби аларды бала бакчага алып барууга шарт жок болуп, үйдө эле тарбияланып жатышат.

«Бул айылда бала бакча эле эмес мектеп да жок болгондуктан окуучулар башка мектепке кичи автобус менен катташат. Биздин айылда бала бакчага бара турган 20га жакын бала бар. Күн сайын кошуна айылдагы бала бакчага алып барууга шарт жок. Айрым учурда унаа, кээ бирде балдарды жеткиргенге киши жок болуп калат. Ал эми окуучулар коңшу айылдагы мектептен өздөрү келишет, - деди жергиликтүү тургун Айнура Калбаева.

Жашоочулар: «Биздин айыл кооптуу, тоолуу аймак болуп эсептелет. Бул жакка бала бакча ачып берсе жакшы болмок. Бирок биз бул көйгөйлөрдү жергиликтүү бийликке айткан жокпуз. Себеби алар көйгөй бар экенин билишет», - дешти.

Тешик-Таш тилкесинде 30 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×