Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.09.2018 14:46

Ысык-Атанын Үч-Эмчек айылында Ө.Жакишов атындагы орто мектептин жаңы имараты курулду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында 150 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилгени турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ө.Жакишов атындагы орто мектептин мугалимдери билдиришти.

«Курулуш иши 2014-жылы башталган. Буга республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Эми кудай буюрса, мектебибизге спорт зал күз айынан баштап курула баштайт. Бул биздин айыл үчүн жакшы жышаан.

Мурунку мектептин эскилиги жетип, оңдоо иштерине туруштук бере албай калган. Ал 1983-жылы темир жана бетон менен курулган. Пайдубалы жапыз болуп, чирип баштаган эле», - деп билдиришти аталган мектептин эмгек жамааты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×