Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 11.09.2018 15:23

Бейшеке айыл өкмөтүндөгү жайыт жерлер жеке менчикке өтүп кеттиби?

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылында 3 жылдын аралыгында жайыт комитетине таандык 86 гектар жер мыйзамсыз айыл өкмөткө өтүп кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Бейшеке айылынын жайыт комитетинин эсепчиси Нурмурат Акматов билдирди.

Анын айтымында, жер менчиктери 3 түргө — жеке менчик, муниципалдык менчик жана мамлекеттик менчик деп бөлүнөт. Ал эми жайыт жери мамлекеттик менчикке кирет.

«2011-жылы жайыт жерлери Кыргыз Республикасынын менчиги деп оңдолгон. Кыргыз Республикасынын менчиги болгон жер башка менчиктерге өткөрүлбөй турганы Жер кодексинин 4-беренесинин 4-пунктунда ачык көрсөтүлгөн. Айыл өкмөт кодексти бузуп, жерди трансформациялап, ижарага берген. Ошондой эле бир нече гектар жер жеке менчикке өтүп кеткен. Акыркы 3 жылда 86 гектар жайыт жери айыл өкмөткө мыйзамсыз жол менен өтүп кетти.

Документте бүгүнкү күндө 13 828 гектар жайыт жери бар экени жазылган. Бирок жайыт жери мындан аз. Айыл өкмөттүн карамагынан чыгып кеткен жерлердин да салыгын биз төлөп жатабыз. 2012-жылга чейин жайыт комитетинен 1 512 гектар жер жок болуп кеткен. Биз айыл өкмөткө, прокуратурага, акимчиликке кайрылуу жасаганбыз», - деди ал.

Ал эми Бейшеке айыл аймагынын башчысы Бакыт Умарбеков: «Айтылган жер тилкелеринин баары мыйзамдуу түрдө, комиссияныны чечими менен айыл өкмөткө трансформация болуп өткөн. Андан кийин узак мөөнөткө көрктөндүрүүгө ижарага берилди. Ал жерлер жеке менчикке өткөн жок. Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча Кара-Буура райондук прокуратурасы иш алып барууда», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×