Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 05.10.2018 22:33

«Жеңеке»: Салтанат Кузекеева жаңы келин болгондо кайнатасына жүгүнүп, 3 миң сом алган (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 29 жаштагы Салтанат Кузекеева. Ал жолдошу менен курбусу аркылуу таанышканын жана келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Салтанат жеңе Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылында 1989-жылы 17-октябрда төрөлгөн. Аталган айылдагы мектепти ийгиликтүү аяктап, 2011-жылы Бакай-Ата айылына келин болгон. Жолдошу менен таанышуусуна курбусу себеп болгон.

«Асел аттуу курбум мага айтпай, жолдошум экөөбүздү кафеге тамактанууга чакырып, жолуктурган. Ислам тамашакөй, ак көңүл экенин аталган жолугушууда эле билгем. Ошол күндөн бери бери бири-бирибиз менен жакындан таанышып, мамилебиз бекемделди. Ислам "эртең үйлөнөм" деп тамашалап жүрүп, турмуш куруу тууралуу сунуш киргизди. Октябрь айында аппак көйнөк кийип, ата-энелерибиздин батасын алып, баш кошконбуз. Жолдошум учурда 34 жашта», - деди ал.

Салтанат Кузекеева жаңы келин болгондо кызыктуу окуяларга кабылган.

«Жаңы келин болгондо кайнатама абысын-жеңелерим жүгүнүп, көрүндүк алышкан. Ошондо кайнатам мага да 3000 сом берген. Акчаны ошол күнү жолдошума берип койгом. Азыркыга чейин баягы 3000 сомду берип турчу деп тамашалап калам.

Күнүңө эртең менен эрте турууга аракет жасачумун. Бир күнү конок тосуп, эртеси жолдошум экөөбүз тең уктап калыптырбыз. Биз турганча баары тамактанып, жумуштарды жасап жатышкан экен. Сыртка чыга албай абдан уялгам.Жолдошума кайын агам "экөөң тең уйкучу экенсиңер" деп айтканын угуп, азыркыга чейин уялам. Ал эми жолдошум тууралуу айтсам, балдарына камкор ата, ак көңүл, ал эч качан кек сактабайт. Ал учурда Москва шаарында эмгектенип жатат», - деди жеңеке.

Жубайлар учурда 1 уул жана 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×