Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.09.2018 11:37 Жаңыланды: 11.09.2018 12:27

Студенттердин дүйнөлүк мелдешинен 2 боксчу медаль алып келишти (сүрөт)

Turmush -  Студенттер арасында бокс боюнча өткөн дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандан жөнөп кеткен Мунарбек Сейитбек уулу коло медалга ээ болду. Спортчуну бүгүн, 11-сентябрь күнү Ош шаарындагы эл аралык аэропорттон шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү, спортчунун достору, туугандары салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди кабарчы.

Дүйнөлүк мелдеш Калмыкия Республикасынын борбору Элиста шаарында өтүп, ага 23 мамлекеттин мушкерлери жолдомо алышкан. Ал эми Кыргызстандан 7 студент катышып, алардын экөө 3-орунду камсыздап, 2 коло медалга ээ болушту. 60 кг салмакта рингге чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки беттеш өткөрүп, жарым финалда Беларусь өлкөсүнүн мушкеринен жеңилип калган.

Мунарбектин машыктыруучусу Бегенас Султанбаевдин айтымында, Ош шаарынан буга чейин студенттер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатка эч ким катышкан эмес.

«Биздин окуучубуз Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча өлкөнүн курама командасынын мүчөсү, спорттун чебери. Апрель айында студенттер арасында Кыргызстандын универсиадасын утуп, дүйнөлүк универсиадага жолдомо алган. Жыйынтыгында 23 мамлекеттен келген мушкерлерден алдыга суурулуп чыгып, 3-орунду багындырып, коло медалга ээ болду. Бул биз үчүн чоң кубаныч. Ош шаарында мурун мындай жеңиш болгон эмес», - деди машыктыруучу Бегенас Султанбаев.

Ал эми экинчи коло медалдын ээси Бишкек шаарынан барган Темурлан Осмонов болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×