Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 11.09.2018 11:36

Айыл турмушу: Өспүрүмдөр инспектору О.Жумалиевдин милициядагы жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Чүй районунун Калиновка айылынын 30 жаштагы тургуну Осмон Жумалиев райондук ички иштер бөлүмүндө өспүрүмдөр инспектору болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал өзүнүн бала кезиндеги өспүрүмдөр менен азыркы өспүрүмдөрдүн айырмасы чоң деп эсептейт.

«Учурда өспүрүмдөрдүн мүнөзү, кылык-жоруктары такыр башкача. Биздин мезгилдеги бала кез менен салыштырып болбойт. Бала кезимде таалим-тарбия күчтүү болчу. Союз учурунда социалисттик идеология менен өскөн адамдар тарбия берген. Замандын агымына ылайык, азыркы жаштардын тарбиясынын жана билим деӊгээлинин төмөндүгү өкүндүрөт. Кээ бирөөсүнүн кылык-жоругу, мүнөзү түшүнүксүз. "Бээ" десең, "Төө" деген өспүрүмдөр өсүп келе жатат. Бир четинен интернет дагы алардын мээсин жаңы өсүп келе жатканда эле торго салып койгондой. Албетте, баары дегенден алысмын. Арасында билим алам деп аракет кылганы да арбын. Бирок адептүү, маданияттуу ата-энелердин үй-бүлөсүндө да тартип ушундай болорун да байкадым. Балага тарбияны ата-энеден артык эч ким бере албаса керек.

Көп эле ар кандай окуялар болот. Бир жолу окуучу мектепке кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып барбаптыр. Анын ата-энеси мага кайрылышты. Биз баарыбыз ал окуучуну издеп баштадык. Жөө кыдырып, баспаган жерибиз калган жок. Ата-эненин ошондогу санаасын, көздөрүнө айланган жаштарын көрүп, зээним кейиди. Жанымда кесиптештер да бар болчу. Бир маалда ал бала бирөөнүн үйүндө экен деп калышты. Көрсө аталган үйдө бир дос кызы менен сүйлөшүп отурган экен», - деди ал.

Осмон Жумалиев бала кезинен милиция кызматкери болууну кыялданып, кийин максатына жеткен.

«Жумуштан чарчап келгенде бала-бакырам менен алек болуп, чарчаганымды тез эле унутуп коём. Өзүмдүн мүнөзүм токтоо, ачууга алдырбайм. Жумушта ар кандай кырдаалдар болот, бирок өзүмдү кармап, сабырдуулук менен чечим чыгарам. Милициянын жумушу оор. Өтө жыргап кеткен жашоодо жашабайт. Эл катары жашайбыз. Биздин да үйдө толгон-токой көйгөйлөр, бүтпөгөн көр оокатыбыз бар.

Мен кичинекейимден милиция кызматкери болгум келчү. Формачан милиционерлерди көрүп суктанчумун. Ошондогу ойлогон ой-максатыма жеттим десем болот. Кызматта жигердүү иш алып барганым үчүн бир топ ардак баракчалар менен сыйландым. 2014-жылы Ички иштер министринен, 2015-жылы Чүй районунун ички иштер бөлүмүнөн кылмыштуулук менен күрөшүүдө зор салым кошконум үчүн ардак баракчалар менен сыйлангам. 2014-жылы Ички иштер министринин колунан алган сыйлыгым – мен үчүн өтө баалуу. Анда министр Суранчиев Абдылда Шергазиевичтин колунан алгам», - деди ал.

О.Жумалиев бир топ жерлерде иштеп, милициянын ага лейтенанты наамын алган.

«2011-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соӊ, алгач Чүй облустук башкы башкармалыгына патрулдук күзөт кызматында кенже сержант болуп иштеп баштагам. Андан соӊ ошол эле башкармалыкта кенже опер болуп иштедим. Кийинчерээк аймактык тескөөчү болуп Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө дайындалдым. Ал ортодо ошол эле Чүй районунда ага ыкчам өкүл болуп да иштегем. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр инспектору болуп эмгектенем. Алган чиним – милициянын ага лейтенанты. Мага Чүй айылынын 3 мектеби карайт. Каттоодо 9 бала бар», - деди ал.

Милиция кызматкери Чүй районуна караштуу Калиновка айылында 1988-жылы төрөлгөн.

«Ушул эле айылдан Калиновка орто мектебин 2006-жылы аяктап, 2007-жылы үй-бүлө курдум. Учурда келинчегим экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап келебиз. Айдай кызым 4-класста окуса, Саян уулум 1-класста билим алат. Келинчегим Чүй районунун №1 орто мектебинде мугалим болуп иштейт. Атам Чүй районунун Чүй айлындагы жеке ишканада айдоочу болуп эмгектенсе, апам неберелерин карап үйдө. Өзүм эки бир туугандын улуусумун. Карындашым Бишкекте чоӊ компанияда эмгектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×