Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуМанас району 26.09.2018 01:28

«Жеңеке»: 38 жаштагы Айзада жеңе жаңы келин болгондо 3 күн жарык жок жашашкан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылына келин болгон 38 жаштагы Айзада Сакенова. Ал жолдошу менен бирге түтүн булатканына быйыл 20 жылдын жүзү болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Айзада жеңе 1980-жылы 20-апрелде Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр (мурунку Киров айылы) айылында төрөлгөн. Ал 19 жашында турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүз Фрунзе шаарындагы автобекеттен чогуу бир таксиге отуруп, таанышып калганбыз. Ал мени ошондо эле жактырып калган экен. Ата-энем менин турмушка чыгарымды билген эмес, себеби жолдошум эч кимге кабар бербей, ала качып кеткен. Турмуш кургандан кийин кайын энем мага жакшы мамиле жасады. Өз кызындай көрүп, мен билбегенди үйрөтүп, каталарымды оңдоду. Кайын энеме ыраазымын, аны өз апамдай көрөм», - деди ал.

Айзада Сакенова: «Келин болуп келип, үйдүн босогосун аттаган күнү электр жарыгы өчүп калган болчу. 3 күн жарык берилбей, пахтаны майга ороп, жарык кылып жашаганбыз. Ошол күндөрдү унутпайм. Жолдошум жүк ташуучу унаа айдап иштесе, өзүм үй тиричилик, балдар менен алекмин. Быйыл жолдошум экөөбүздүн бирге жашап жатканыбызга 20 жылдын жүзү болду», - деди.

Жеңеке жолдошу экөө 2 кыз жана 2 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×