Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 11.09.2018 11:14

Ошто 4-кабаттан 8 айлык баласы менен кошо секирген аял мас абалда болгон. Кылмыш иш козголду

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 3-пункту (адам өмүрүнө кол салууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголду. Бул кылмыш иш 8 айлык баласы менен 4-кабаттан секирген аялга байланыштуу, деп маалымдайт Ош ШИИБ.

Расмий маалыматта аял ошол учурда мас абалда болгону айтылат. Ал эми өзүнүн энеси өмүрүнө кол салган наристенин келечеги социалдык кызматкерлер менен талкууланып жатат.

------------------------------------------------

Балалуу келин 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Ал Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени, колундагы уулу 2018-жылдын февраль айында төрөлгөнү такталды. Окуянын кесепетинен экѳѳ тең денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери аларды эки башка ооруканага жеткирген.

Дарыгерлердин акыркы маалыматы боюнча, эненин абалы орточо, ал эми баланын абалы оор. Терезеден кулаган аялдын буту сынса, баласынын баш сөөгү сынып, баш мээсине кан уюп калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, ар тараптуу текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгына караганда, 4-кабаттан секирген келин үй-бүлөсү менен Чүй облусунда жашап жаткан. Жолдошу менен пикир келишпегендиктен эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласы менен август айынын ортосунда Ош шаарындагы бир тууган эжесинин үйүнѳ келген. Күбѳлѳрдүн айтуусунда, акыркы мезгилдерде алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичип жүргѳн.

Буга чейин Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева бул үй-бүлө кандай шартта жашаганын билүү үчүн Кара-Балтадагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кат жолдонгонун билдирген.

«Биздин кызматкерлер эне-баланын абалынан кабар алып келишти. Биз келиндин, балдарынын жашоо шартын билүү үчүн Кара-Балтадагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кат аркылуу кайрылдык. Алар келиндин кайын журту, балдарынын абалы тууралуу толук маалымат топтоп, бизге корутундусун жөнөтөт. Биз келин Алай районунун тургуну экенин аныктадык. Ал Кара-Балтага келин болуп барган. Жолдошу менен урушуп, Ошко эжесинин үйүнө келиптир», - деди Д.Анарбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×