Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 11.09.2018 09:26

Аламүдүн районунда «Мерседес-Бенц» өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 27 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 11-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Аламүдүн районунун Арчалы айылында «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру В78-45ВА) жана бастырмада жыйылган 1000 түк чөп өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Оштогу Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылында ачык аянтта 20 гектар куураган чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×