Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Талас облусуТалас району 10.09.2018 17:29 На русском

Таластагы жаратылыш паркынын аймагына кара куурай өстүрүүгө шектелген тургун айыпты четке кагууда ( видео)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын тургуну Үсөн Абдырахманов Беш-Таш өзөнүнүн аймагында кара куурай өстүргөнү тууралуу айыпты четке кагууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ал эми Талас ОИИБдин маалыматына караганда, 30-август күнү Беш-Таш өзөнүнүн аймагындагы Анар сайына кароо жүргүзүлгөн учурда өзгөчө жыты бар, кара куурай баңгизатына окшош өсүмдүк өстүрүлгөнү аныкталган. Жалпы 15 жөөккө өстүрүлгөн өсүмдүктүн салмагы 205 килограммды түзгөн. Аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кара куурай өстүрүүгө шектелип жаткан 1961-жылы туулган У.Абдырахмановдун айтымында, 1987-жылдан бери ӨКМдин алдындагы гидрология боюнча агенттиктин Беш-Таш гидропостунда иштейт.

«Күнүнө аба ырайы тууралуу 7 саат сайын жыйынтык маалымат берип турам. Өзүм жумушка байланыштуу "Беш-Таш" жаратылыш паркында жашайм. Окуя тууралуу айтсам, 30-август күнү суу ченеген жерде жүрсөм эки милиционер келип, "Нива" унаасы менен алып кетишти. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Андан кийин кара куурай тууралуу айтып, мага такыр тиешеси жок жерге алып барып, чөптөрдүн жанында сүрөткө тартышты. Өсүмдүктөрдү жулуп, милиция бөлүмүндө да сүрөткө тартып, салмагы 200 кг болду деп көрсөтүштү. Менден мурун барган адамдардан сурабай, мени шектүү катары карашты.

Ушул жылдын июнь айында эле аталган аймакка мал издеп барганда өсүмдүктөр жөөк-жөөк болуп калганын көргөм. Бул тууралуу эки күндөн кийин "Беш-Таш" жаратылыш паркынын жетекчиси Нурдин Жынкалиевге билдирген элем. Ал "бул кара куурай болушу мүмкүн, 3-4 бала менен барып, жок кылдырып салам" деген болчу. Андан кийин аны көрбөй, аталган аймакка барган да жокмун. Милицияга түшүнүк кат жазган соң жаратылыш парктын жетекчиси келип, "мынча ызы-чуу кылбай эле өзүң чаап салбайт белең" деди. Мен жетекчиге билдирип, өз милдетимди аткаргам. Башка бирөөнүн жериндеги чөптү чабууга акым жок. Ал жерди өзү карап, акты түзүп, чара көрүшү керек болчу.

Уулум да "Беш-Таш" жаратылыш паркында иштейт. "Эгер бул ишти моюнуңа албасаң, балаң кесилип кетиши мүмкүн" деген коркутуулар болуп жатат. Бул боюнча прокуратурага кайрылып, бардык жерден мүнөздөмө чогултуп жүрөм», - деди ал.

Ал эми «Беш-Таш» жаратылыш паркынын жетекчиси Нурдин Жынкалиев: «Аталган жаратылыш паркында 2006-жылдан бери жетекчи болуп иштеп келем. Бул окуя боюнча такыр маалыматым болгон эмес. Алар айтып жаткан жер корук зонасына кирет. Аталган аймакка мал жайганга, курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. Бүгүнкү күндө аймак бизге тиешелүү экенин так билбейм. Тактаган соң гана ал жер кимге таандык экенин айта алам. Корук болгондон кийин биз адам киргизбейбиз», - деди.

Н.Жынкалиев аймакта жылына эки жолу — жазында жана жайында текшерүү болорун билдирип, бирок кара куурай өстүрүлүп жатканын ИИБден укканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×