Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
13.09.2018 01:57 На русском

Айыл турмушу: Ноокаттык Абдрахмандын шакирттери Кореяда, Россияда самса жасашат

Turmush -  Ноокат самсасынын даамын татуу үчүн атайын жол басып келген кардарлар бар. Башка жердин самсасына окшобогон өзгөчөлүк тууралуу 15 жылдан бери чайканада эмгектенген Абдрахман Курбанов кабарчыга айтып берди.

«Бир күндө сатылуучу самсага 50 килограмм ун керектелет. Камырына туз, кумшекер, май, жумуртка, ал эми самсанын ичине пияз, ич май, эт жана татымалдар кошулат. Самса жасоодо негизгиси этти туура тандоо керек. Жумшак, жаңы эт болсо самса даамдуу чыгат. Мен этти көргөндө эле мал качан союлганын, эт канча убакыттан бери турганын, эмненин эти экенин дароо билип коем. Самса бышырууда тандырды да туура тандоо зарыл», - деди Абрахман Курбанов.

Абдрахман Курбановдун чоң атасы да самсаны мыкты жасачу. Ал эми өзү 20 жашынан бери самса бышырып, кирешеси менен үй-бүлөсүн багып келет.

«Менин колумдан 30га жакын шакирт чыкты. Алар Россия, Корея мамлекеттеринде самса бышырып иштешет. Чет өлкөдө иштеп жаткан шакирттерим мыкты самсалар Ноокатта гана жасаларын, башка өлкөдө жакшы окшошпой турганын айтып калышат. Шакирттерим келгенде чай ичип коюңуз деп акча берип, жардам керек эмеспи деп сурап турушат.

Биздин иште эң кыйыны таң ата электе уйкудан ойгонуп келүү. Ата-эне балдарды кичинесинен эмгекке жана эрте турууга үйрөтүшү керек. Самса жасаганда бир да аял кишини аралаштырбайм», - деди Курбанов.

Адатта анын иши таңкы 04:00дө башталып, самсалар саат 07:00гө даяр болот. Бир күндө орточо 250 даана самса жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×