Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 10.09.2018 15:10

Айыл турмушу: Азия оюндарына калыстык кылган самбочу К.Тургунбаев дүйнөлүк чемпионатка аттанат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңгарач айылынын 31 жаштагы тургуну Кайрат Тургунбаев Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында калыстардын курамына кошулуп, самбочуларга калыстык кылды.

Ал 15 жашынан тарта самбо менен машыгып келсе, акыркы 5 жылдан бери калыс болуу менен алек.

«Жалпысынан жыйырмадан ашуун мамлекеттен калыстар келди. Албетте, бул Азия оюндарында көп тажрыйба алдым. Мындай чоӊ спорттук иш-чарада калыстар ката кетиргенге болбойт. Ошону үчүн туура калыс болууга жан үрөп аракет кылдым.

Жакартага барганда кызыктуу окуялар көп эле болду. Анын бири, оюндардын жабылыш аземине барарда эшикти терезеден карадым. Жамгыр катуу жаап жатыптыр. Үшүп калбайын, стадиондо көпкө чейин отурабыз деп, жылуу кийинип алгам. Бекер кылыптырмын. Стадиондо алгач анча ысыган жокмун. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин катуу ысый баштадым. Акыры тер кетип, чынында аябай кыйналдым. Жанымдагы башка калыстар кандай ойдо калды билбейм, мен үчүн бул бир чети күлкүлүү болду. Эстеп жүрөрмүн деп, жылмайып койдум. Көрсө ал жакта аба ырайы ушундай экен. Жамгыр жааса деле ысык болуп турат экен», - деди ал.

Кайрат Тургунбаев самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатына калыстык кылуу үчүн Грузия менен Румынияга аттанарын кошумчалады.

«Жакарта абдан кооз шаар экен. Оюндарга жакшы даярданышыптыр. Тамак-аш жагы болсо, мусулман эл болгону үчүн биздики сыяктуу эле экен. Бир гана нанды аз жешерин билдим. Жатаканабыз болсо, ошол оюндар өткөн жердин жанында жайгашыптыр. Бир гана самбо эмес, бардык оюндардын калыстары чоң мейманканада жашадык. Элдери кичи пейил, күлүп эле турушарын байкадым. Тейлөө кызматтары абдан жакшы уюштурулган. Эми кудай буюрса алдыда дүйнөлүк чемпионат бар. Жаштар арасында Грузиянын Тбилиси шаарында жана чоӊдор арасында Румыниянын Бухарест шаарында өтө турчу оюндарга калыстык кылабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×