Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 10.09.2018 11:37 Жаңыланды: 10.09.2018 15:04 На русском

Асылып турган денеси табылды. Прокурордун орун басары каза болгон үйдүн сүрөтү

Turmush -  Ош шаарында Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин жансыз денеси табылды. Маркумдун денесин бүгүн, 10-сентябрда эртең менен өзүнүн үйүндө асылып турган жерден табышкан.

Бул фактыны Башкы прокуратурадан тастыкташып, маалыматтар такталып жатканын билдиришти.

Төрө Кожошев

Ал эми Ош ОИИБдин билдирүүсү боюнча, милицияга бүгүн, 10-сентябрда саат 9:30да кабар түшкөн. Учурда Кара-Суу РИИБ менен Ош ОИИБден жөнөтүлгөн 2 топ окуя болгон жерде иштеп жатышат.

Маркум Төрө Кожошев Кара-Суу районунун Фуркат айылда жашап жаткан. Анын артында 5 баласы калды. Айрым маалыматтар боюнча, прокурордун орун басары өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн.

Кошуналарынын айтымында, учурда маркумдун денеси табылган үй жабык турат. Ал атасынын үйүндө — Кара-Суунун Баш-Булак айылында акыркы сапарга узатылат.

Окуя болгон жерден сүрөттөр:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×