Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуТалас району 10.09.2018 10:31

Акыркы суткада өлкө аймагында 28 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 28 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 30 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 10-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жаракат алган жок.

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө, тактап айтканда Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун 150-чакырымында жолдун боюндагы куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себептер менен Нарын облусунун Нарын районундагы Куйбышов айылында сарайдын 20 чарчы метр чатыры жана 160 түк чөп, 3 тонна эндей чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×