Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуМосква району 07.09.2018 13:57

Көчмөндөр оюндары: Маданият бөлүмүнүн кызматкери улуттук кийимдер сынагында Москва районуна 4-орун берилгенине нааразы (видео, сүрөт)

Turmush -  5-сентябрда III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы этношаарчада облустар арасында кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүү боюнча сынак өткөрүлдү. Бул сынакка Чүй облусунун атынан катышкан Москва району 4-орунду багындырган. Бирок аталган жыйынтыкка Москва райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гүлкайыр Усенова макул эместигин айтып, калыстар тобуна нааразы болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул сынакта кыргыздын саймалары, оюулары түшүрүлгөн жана суукка, ысыкка ылайыкталып кийизден тигилген этностилдеги саркеч кийимдер көрсөтүлгөн.

«Бизге III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүү боюнча тапшырма берилген. Бир жылдан бери Гүлжан Ташкенова жана Жаңыл Абдылдаева аттуу дизайнерлердин жардамы менен даярданган болчубуз. 28 модель кыздарды алып чыктык. Алар биринчисинде Гүлжан Ташкенованын азыркы заманга ылайыкталып, сайма менен тигилген этностилдеги саркеч кийимдерди жаш куракка бөлүп, тарбиялык маанисин да чечмелеп көрсөтүштү. Аялдар менен эркектердин кийимдерине түшүрүлгөн саймалар 1958-жылдан тартып 1961-жылга чейинки саймалар. Алардын баары элден чогултулуп алынган. Гүлжан Ташкенова ата-бабабыздан калган ошол саймаларды жөн эле ыргытып жибербейли деп, аларды кайрадан жаңыртып иштеп чыкты.

Экинчисинде кыздар жаш дизайнер Жаңыл Абдылдаеванын кийизден тигилген кийимдерин кийип чыгышты. Анда биз кийизге оймо түшүрүп көрсөттүк. Мына ушундай көп эмгекти, көп убакытты талап кылган бул сынакта 4-орунду алдык. Бирок, биз калыстар тобуна абдан нааразыбыз. Жок дегенде грамота, наам деле берип коюшса болмок. Дагы айта кетчү нерсе, биз сынакты жыйынтыктай электе эле алып баруучу кыз колумдан микрофонду жулуп алды. Мен бир жылдан бери даярданып келген модель кыздарды да тааныштыра албай калдым. Кыскасы жердешчилик болуп кетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×