Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 06.09.2018 17:58

III Көчмөндөр оюндарында Ош шаары 150 миң сом жана 15 диплом менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышканы үчүн Ош шаарынын өкүлдөрү 150 миң сом менен сыйланды. Кырчында улуттук каада-салтты көрсөтүү боюнча бир катар сынакта Ош шаары алдыңкы орундарга жетишкен. Алардын бири — кыз узатуу салты болуп, жыйынтыгында 1-орунга ээ болушту.

Мэриядан маалымдашкандай, кыз узатуу салтында башкы ролду Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аткарды. Ал эми калган ролдорду Ош шаарынан барган таланттуулар чеберчилик менен жараткан.

Ал эми «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагында жалпы 9 баскыч боюнча жарыш болду.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош шаарынын жетишкендиктери:

- Боз үйдү кооз жасалгалоо боюнча 3-орун;

- Улуттук каада-салтты саханалаштыруу боюнча 1-орун;

- Кыз узатуу салты боюнча 1-орун;

- этномода боюнча кийимдин жаңыланган 80 түрү көрсөтүлүп, 1-орун;

- улуттук кийим-кече көрсөтүү сынагы боюнча 1-орун;

- элдик кол өнөрчүлүк боюнча 2-орун;

- жүн сабоо боюнча 1-орун;

- көркөм сүрөт өнөрү боюнча живописчи Салтанат Кайдулдаева 3-орунду, ал эми скульптура боюнча Баатыр Жалиев 3-орунду камсыз кылды;

- гүлазык жасоо боюнча 3-орун;

- ала кийиз боюнча 3-орун;

- терме согуу боюнча 1-орун.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош шаары жалпысынан 15 диплом менен сыйланды. Алардын ичинен бешөө I даражада, үчөө II даражада, ал эми 7 диплом III даражада.

2-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салтанаттуу түрдө 8-сентябрда жабылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×