Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.09.2018 13:48

Кара-Көлдө 3,5 жаштагы Нурдинди издеп жатышат

Turmush -  Кара-Көл шаарында 4 жашка толо элек бала изделип жатат. ӨКМдин Кара-Көл шаарындагы бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, 2014-жылы 22-декабрда төрөлгөн Ы.Нурдинди ата-энеси кечээ, 5-сентябрда саат 14:30 чамасында таппай калышкан.

Аны акыркы жолу үйүнүн жанындагы Кара-Суу чоң суусунун боюнда ойноп жатканда көрүшкөн. Ошол учурда атасы короодо чөп жыйып жаткан болчу.

Кечээтен бери издөө иштерин ӨКМдин Кара-Көл бөлүмүнөн эки офицер менен 10 куткаруучу жүргүзүп жатышат. Алар Кара-Суу суусунун Көк-Бел айылынан тартып Кара-Көл шаарына чейинки аралыгын карап чыгышты.

Учурда издөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×