Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 06.09.2018 12:13 На русском

Бишкекте Наргиза Ибраева изделип жатат

Turmush -  Бишкектеги Свердлов РИИБдин кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан Ибраева Наргиза Туратовнаны издеп жатышат. Ал 1991-жылы төрөлгөн.

ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Н.Ибраева кечээ, 5-сентябрда «Берен Голд» соода борборунан чыккан бойдон дайынсыз.

Белгилери: Бою 140-145 см чамалуу, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара. Оң көзү көрбөйт, так сүйлөй албайт, 2-топтогу майып. Кечээ сызыкчалары бар кофта, кара шым, бутунда спорттук бут кийим жана көңүрт көз айнекчен болгон.

Н.Ибраева тууралуу маалыматы барлар (0777) 87-44-11, (0553) 102-566, (0772) 05-20-00, (0556) жана 85-58-12, (0702) 22-85-05 номурларына кайрылса болот.

Ибраева Наргиза Туратовна

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×