Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 15:31

Көчмөндөр оюндары: Мүнүшкөр А.Исмаилов салбурунда бүркүт салып, алтын тагынды (сүрөт)

Turmush -  Мүнүшкөр Аман Исмаилов Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда өткөн «Салбурун» фестивалында бүркүт салып, 1-орунду алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аман Исмаилов 1978-жылы Нарын районунун Алыш айылында төрөлгөн.

«Өзүбүздүн тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Көчмөндөр оюндарына 2 жыл даярдандык. Бүгүн ошол максатыбыз орундалып, кубанычыбыз койнубузга батпай турган чагы. Биздин сыйлык элдин сыйлыгы, абдан кубанычтабыз!

4 бүркүт алып келгем. Алардын ичинен 9 жаштагы Оймок деген бүркүт жеңиш алып келди. Балам да бүркүт таптап жүрөт. Ал дагы салбурунга катышып, өзү теңдүү балдар менен ойноп жүрөт.

Оймок менен биринчи орунду алдык, жалпы 10 мамлекет катышты. 2-орунду Россия, 3-орунду Казакстан өлкөсү багындырды. Бул жерден биздин бүркүттөр 1-2 секундда эле алдыга оозуп чыкты. Биринчи көчмөндөр оюндарында иним биринчи орунду алган. Экинчи көчмөндөрдө 4-орунду алганбыз.

Бүркүттү кондуруу үчүн алар менен тил табышып, дос болуу керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×