Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2018 15:04

Ошто 1-класстагы окуучуну студенттин унаасы сүзүп кетти

Turmush -  Ош шаарында 1-класска жаңы барган окуучуну автоунаа сүзүп кетти. Жабырлануучу М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу экенин Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 5-сентябрда саат 7:45 чамасында окуучу мектептин имаратына кирип бара жаткан учурда болгон. Жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда баланын абалы жакшы. Ош ШИИБ бул факты боюнча тактоо, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Мектептин директору Гүлмира Осекованын айтымында, жабыркаган окуучу 10-класстагы агасы менен бирге бара жаткан.

«Сабактын башталышына 15 мүнөт калганда бул окуя болду. Мен дагы мектепке кирип бара жаткам. 1-класстын окуучусу агасы менен келе жаткан эле. Айдоочу тажрыйбасы жок, студент экен. Биз дароо баланы медициналык тез жардам бөлүмүнө алып бардык», - деди Г.Осекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×