Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
10.09.2018 12:12 На русском

Уурдалган «жашыл алтын», кыйылган өмүрлөр... Жалал-Абаддагы 33 миң гектарды ээлеген мисте токой (сүрөт, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда быйыл мистенин түшүмү мол жана баасы да жогору болду. Түшүм бышканга чейин тердирбей көз салып, коруп туруу токойчулар үчүн оңойго турган жок. Азыркы тапта мисте терүү иштери дээрлик аяктап калды. Өзгөчө мектеп жашындагы балдар теримге көп чыгып, мектеп формасын сатып алуу үчүн акча топтоп алышты.

Эч кандай дары-дармек чачылбай экологиялык таза шартта бышкан «жашыл алтын» мөмөсүнө кызыккан түрк, араб ишкерлери да арбын. Адистер бул өсүмдүк жакшылап кароого алынса, Кыргызстанга чоң киреше алып келүүчү булакка айланарын, ошондуктан «жашыл алтын» деп аталарын айтышат. Деги Жалал-Абад облусунда мистелер качан отургузулган? Адистерди эмне түйшөлтөт? Жергиликтүү мистелердин өтүмдүүлүгү кандай? Мына ушул сыяктуу суроолорго аймактык кабарчы жооп издеп көрдү.

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын тургуну Шайлообек Сөпиев жаштайынан эле мисте терет. Анткени атасы 10 гектар жерди ижарага алып, түшүмүн жыйнап алчу. Эми ал жердин ижарасын өзү төлөп, иштетип жаткан учуру. Мисте терими башталгандан бери атайын чатыр тигип алып, токойду коруп жатат. Антпесе ал ижара төлөгөн жердеги мистелерди башка адамдар терип кетиши мүмкүн.

«Биз 5 бир тууганбыз. Жыл сайын жерге ижара акысын төлөйбүз, түшүмдүү болгон жылы бизге да жакшы. Мисте жыл сайын түшүмдүү боло бербейт. Азыр иним экөөбүз терип жатабыз. Өзүбүз жетише албагандыктан башка адамдар менен чогуу терүүдөбүз. Буюрса тапкан кирешебизге бала-чакабызга кийим-кече алып, керек-жарагыбызга жумшайбыз. Быйыл киреше жакшы», - дейт ал.

Мисте терүү башталгандан тарта таң аткандан күн батканга чейин жөө бийик адырларды багындырып, дарактын башына чыгып жаткан Элдар Сатарбаев күнүнө 5-6 мүшөк мисте чогултат.

«Мисте негизинен бийик адырларда, жардын кырларында өсөт. Кээде жардын кырындагы мистелердин шагында ийилип турган мөмөнү көргөндө кызыгып кетесиң, бирок этият болуу керек. Андан тайып жыгылып кетишиң мүмкүн. Даракка чыгып-түшө берип деле чарчайсың. Теримде абайлабасаң жыгылып, бир жериңди кокустатып алышың да мүмкүн. Ошол үчүн ар ким өзүнө сак болуп терет. Мистени сатканда бир күн кечке кыйналганыңды унутуп деле каласың. Биздин сүйүнгөнүбүз азыр мистенин баасы жогору болуп калыптыр, атайын топтоп жатам. Эл чийки мистелерди килограммын 100-120 сомдон, кургатылып, кабыгынан чыгарылганын 200-250 сомдон сатууда. Бул да бизге окшогон жумушсуздар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк», - дейт Элдар Сатарбаев.

Учурда тоо кыркаларды аралап, чакырымдаган жолду басып, мисте терүүгө чыккандар миңдеп саналат.

Уурданып тергендер токойчулардын шаштысын кетирет

Жалал-Абад шаарынын курорт аймагында жана Сузак, Базар-Коргон райондорунда мистелер терилип бүттү деген менен калкка жакын жайгашкан токойлордо мистенин мөмөсү быша электе эле уурданып үзгөндөрү аз келгенсип, бадалдардын бутактарын сындырып кетишүүдө.

Аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Эрмеков: «Быйыл 7 тонна мисте уругун жыйноону пландаганбыз. Акыркы 10 жылдан бери мисте быйылкыдай түшүм бере элек болчу. Буга чейин адамдар мисте токойлорун ижарага алууга кызыкдар эмес эле. Анткени жарытыларлык пайда түшпөйт болчу. Быйылкы жылы түшүмдүүлүктүн жакшы болгонунан улам кызыккандар арбыды. Мисте терүү сезону кызуу, бирок өз алдынча терген уурулар токойчуларды кыйнап жатат. Токойго жакын жашагандар бири-бирине эрегишип быша элек мистени үзүп алышууда. Быша элек мөмөнү тергени аз келгенсип, бутактарын да сындырып кетишүүдө. Биздикилер мүмкүн болушунча кароого алып жатышат, адамдан айла качып кутулбайт экен», - деди.

Азыркы тапта «жашыл алтынга» бай Тоскоол-Ата, Кочкор-Ата токой чарбаларында жана Аксы жергесинде теримдин күчөп турган маалы. Анан да белгилей кетүүчү жагдай дал ушул аймактарда мистелер бышканга чейин үзүлгөн жок.

Кочкор-Ата токой чарбасынын аткаруучу директору Замирбек Давлатовдун айтымында, токой чарбада 300дүн тегерегинде ижарачы бар.

«Биздин токой чарбанын жалпы аянты 61 миң 238 гектарды түзүп Көк-Таш, Майлуу-Суу, Кудук участкаларынан турат. Анын аймагында 300 ижарачы бар. Алардан жылына пландык негизде үрөнгө мисте алып турабыз. Мындан сырткары аянтына жана жер кыртышына жараша төлөмдөрүн төлөшөт. Мисте терими башталганга чейин элге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз өз жемишин берди. Буга чейин калк мистенин көк учурунда эле терип алчу, быйыл тегиз агартып, бышырып терүүдөбүз», - деди токой чарбанын жетекчиси.

Мисте эркек жана ургаачы болуп экиге бөлүнөт

Мистенин бийиктиги 5-10 метрге чейин жетет жана 3-4 жылда бир жолу жакшы мөмө берет. Ал кургакчылыкка чыдамдуу дарак. Жалал-Абад облусунун аймагына мисте дарактар 1953-1960-жылдары эгилген. Мисте дарагы эркек, ургачы болуп бөлүнөт.

Эксперт Абдималик Элемановдун айтымында, мистенин эркек дарагына караганда ургаачысы түшүмдү жакшы берет. Ошондуктан жогорудагы түрүн көбөйтүү керек. Бул «жашыл алтын» дарагын кароого алып, жер аянттарын көбөйтсөк, өлкөгө чоң каражат алып келүүчү булак боло алат. Бирок азыр мистелер кароого муктаж.

«Мисте көбөйгөн бадалдардын түрүнө кирет. Бизде согуш жылдарынан кийин токойлорду өнүктүрүү кадамы жанданып, ошол учурда токойлорубузга мистелер тигилип калган. Экме токойлордо дарактын эркеги көп эгилген, ургаачылары көбүрөөк эгилсе жакшы болот. Себеби түшүмдү жакшы берет. Бул дарак жакшы түшүм берсе, бир бай түптөн 50-60 кг мөмө алууга болот. Бирок жыл сайын көп түшүм байлай бербейт. Бир жыл мөмөгө берсе, бир жыл тамырына берет. Бизде Ирандан келген мистелер көп. Бирок сырттан келген мистелер химиялык кошулмалар менен дарылоо аркылуу бышырылат. А бизде экологиялык жактан таза жана даамы да жакшы. Жакшылап бышырса дандары толо болот. Мисте токойду дарылоо зарылдыгы бар. Мындан сырткары токойлордун айрым жыш жайгашкан жерлерин суюлтуу керек. Жаш баланын чачын кыркып, тырмагын алгандай эле, бул дарактардын да бутактарын кыркып, суюлтуп турбаса болбойт. Бир түптө 5-6дан бутак өсүп чыккандар бар, аларды арылтыш керек. Курорт аймагындагы мистелерди суюлтуу да күч болуп турат. Кудай сактасын, кокустан өрт чыга турган болсо, ошол гектарлаган жердеги дарактарды сактап калуу мүмкүн болбой калат. Ушул маселелерди эске алуу керек. Бул үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып барылса жакшы болот эле», - дейт эксперт.

Жергиликтүү мистелердин базарда өтүмдүүлүгүнө көз сала турган болсок, сырттан келгендерге караганда бир топ эле арзан баада сатылат. Тактап айтканда 350-500 сомдун тегерегинде сатып алууга болот.

Соодагерлер

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда 20 жылдан бери кургатылган мөмө-жемиштерди саткан Эркайым Турдумаматова кардарлардын басымдуу бөлүгү Ирандан импорттолуп келген мистени аларын айтат.

«Быйылкы жылы сатыкка чыгаруу үчүн 1 тонна мисте камдадым. Негизинен жергиликтүү мистелердин ичинен Кудук-Сай тилкесиндеги мистенин мөмөсү абдан жакшы, ичиндеги даны да толтура болот. Мистени 250-300 сомдон элден сатып алып, базарда 500 сомдон сатыкка коём. Биз мистени алгандан кийин кууруп, башка бирөөлөргө чактырабыз. Андан кийин гана сатыкка коюлат. Ал эми Ирандан, Түркиядан келген мистенин баасы 700-1200 сомдун тегерегинде сатылууда. Кыргызстандын мистелери коңшу Өзбекстанга жана Түркияга экспорттолот. Жакында эле таанышым 20 тонна мистени Өзбекстанга экспорттоду», - дейт соодагер Э.Турдумаматова.

Мистеден кыйылган өмүрлөр

Мисте терүүдө кооптуулук да орун алат. Быйылкы жылдын август айында бир эмес эки адам дал ушул мисте теримине чыгып, кокустуктан дүйнө салышты. Тактап айтканда, Майлуу-Суу шаарынын 14 жаштагы тургуну өзү теңдүү балдар менен бирге теримге чыгып, балдардын артында калып калган. Ал жар боорунда өскөн дарактын мөмөсүн терүүгө аракет жасап, бийиктиктен кулап, ажал тапты. Ушул эле айдын соңунда Ноокен районунда да кайын атасынын үйүнө айттап барган келин мисте тергени чыгып, кулап кетип, оор абалда ооруканага жетпей көз жумду.

Жергиликтүүлөр мындай кокустук орун албоосу үчүн ар бир теримчи өзүнө сак болуусу керектигин айтышат. Бул окуялар көпчүлүктү ойлондурду. Ошондуктан тоо боорлоп өскөн дарактарга баруудан айрымдары баш тартып да калышкан.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы 33 миң гектардан ашык аймакты мисте токою ээлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×