Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 23:08

Көчмөндөр оюндары: Зергер С.Бедиева туристтерге көөкөрдүн жасалышын көрсөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда Сагын Бедиева кол өнөрчүлүгүн тартуулап, кыргыздын зер жана тери буюмдарын даңазалап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен кол өнөрчүлүк менен 1988-жылдан бери алектенип келе жатам. Зер буюмдарды жасайм. Көбүнчө күмүш менен иштейм. Негизи кол өнөрчүлүк каныбызда бар. Менин урук-тууганымдын баары уста, кол өнөрчү кишилер. Чоӊ таятам Адис Копоев белгилүү уста болгон.

Илгери зер буюмдарын жасагандар терини да сөзсүз иштете билчү экен. Анткени тери менен темир бирге жүрөт. Ошол себептен мен да тери иштетүү боюнча атайын билим алгам.

Бул Көчмөндөр оюндарына өзүмдүн кол эмгектеримди алып келдим. Ошондой эле Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын буйрутмасы менен көөкөрдүн жасалышын көрсөтүп жатам. Бул жакка 3-4 көөкөрдү алып келдик. Сат деп сурагандар болуп жатат. Бирок көөкөр аз болгондуктан аны көргөзмөгө деп сатпай жатабыз», - деди ал.

Сагын Бедиева 1971-жылы Жумгал районунда төрөлгөн.

«Учурда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жашайбыз. Өзүмдүн менчик устаканам бар. Каалоочу балдар-кыздарга кол өнөрчүлүктү үйрөтөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×