Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Озгон 03.09.2018 16:14

Өзгөндө мал кайтарган апаны автоунаа өлтүрө сүздү

Turmush -  Өзгөн районунда автоунаа жол жээгинде мал кайтарып отурган 65 жаштагы аял кишини өлтүрө сүздү. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Маалым болгондой, 1-сентябрь күнү саат 17:00дө Өзгөн районунун 1987-жылы туулган С.М. аттуу тургуну «Хонда Сабер» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан. Ал Шоро-Башат айылына жеткенде рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен жолдун чыгыш тарабында кой жайып отурган аялды сүзгөн. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болду.

Ал эми айдоочу денесинен жаракат алып, Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Каза болгон аял Өзгөн районунун 1953-жылы туулган тургуну К.Т. экени такталды.

Учурда аталган факт боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.