Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 03.09.2018 12:45 На русском

Жаркын келечекке жетелеген «Түркия стипендиялары»: Түркияда 248 кыргыз студент акысыз билим алууда (сүрөт)

Turmush -  Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан өзгөчө сый менен тосуп алынып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Эки өлкө арасындагы соода жүгүртү көлөмүн 1 млрд доллардан ашыруу үчүн пландар коюлду.

Эки өлкөнүн президенттеринин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциядагы жолугушуусу тар жана кенен форматта улантылып, анын алкагында С.Жээнбеков президент катары тосуп жаткан биринчи президент Режеп Тайип Эрдоган болгонун белгилеп, аны менен бирге билим жаатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын «Маариф» фондусунун кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюлду.

Өлкөбүз көз карансыздыкка ээ болгон күндөн баштап боордош Түркия мамлекетинин көрсөтүп келе жаткан колдоо жардамдары ар дайым кыргыз элинин жүрөгүндө. Түркия мамлекетинин кыргыз өлкөсүндө ишке ашырган ири долбоорлору канчалаган тагдырларды өзгөрттү, канчалаган жаштар үчүн жаркыраган келечекке жол ачты. Алардын бири - 1992-жылдан бери жемиштүү иштеп келе жаткан кыргыз жаштарынын стипендиялык негизде Түркиядан билим алуу программасы. Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан жүргүзүлгөн бул жараян бир тууган элдердин бири-бирине жакындашуусуна дагы да чоң салымын кошууда.

Аталган программанын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 4375 кыргызстандык студент Түркия мамлекетинде стипендия менен билим алган. Учурда «Түркия стипендиялары» тарабынан каржыланып, жогорку билим алып жаткан 248 кыргыз студенти бар. «Түркия стипендиялары» программасынан тышкары түрдүү программалар менен жана өз алдынча 1678 кыргыз студенти Түркияда билим алып жатышат.

«Түркия стипендиялары» программасына жыл сайын 180 өлкөдөн 120 миңден ашуун абитуриенттер тапшырып келишет. «Түркия стипендияларынын» тандоо сынагына катышуу интернет аркылуу жүргүзүлөт. Кабыл алуу жарыялары жыл бою «Түркия стипендияларынын» сайтында ишке ашырылып келет. «Түркия стипендиялары» программасы бардык өлкөлөрдүн жарандары үчүн ачык. Абитуриенттер окуудагы жетишкендиктери, жаш курагы жана диплом же аттестаттагы баалары сыяктуу критерийлерге карата тандалат. Тандоо учурунда коомдук иш-чараларга катышуу активдүүлүгү да эске алынат. Атайын адистер жана окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн тандоо турунан кийин критерийлерге жооп берген абитуриенттер менен бетме-бет маектешүү сынагы жүргүзүлөт.

Учурда 150гө жакын өлкөдөн 20 миң студент «Түркия стипендиялары» тартуулаган кенен мүмкүнчүлүктөр менен түрк жогорку билим берүү мекемелеринде билимдерин алып жатышат. 1992-жылы башталган «Жогорку билим берүү» долбоорунан тартып 2012-жылы түзүлгөн «Түркия стипедиялары» программасына чейинки 20 жыл аралыгында Түркияда билим алган чет өлкөлүк студенттердин саны 48 миңге жеткен. Ал эми бүгүнкү күндө Түркияда билим алган чет элдик студенттердин саны 170 пайызга өсүп, 130 миңге жетти.

Түрк лидери кечээ, 1-сентябрда Бишкек шаарындагы карапайым тургундар, түрк стипендия алуучулар, кыргыз студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушту. Президентке студенттер тарабынан даярдалган атайын белектер берилди.

Бүгүн, 2-сентябрда Режеп Тайип Эрдоган Чолпон-Ата шаарында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.

Гази университетинде журналистика багытында билим алып жаткан магистрант Айжамал Бейшенаалы кызы:

«Мен бул жакка "Түркия стипендиялары" программасы менен келдим. Программа болгондо да эң кымбат аба каттамы болгон “Turkish Airlines” авиакомпаниясынан билет алып беришти. Тагыраак айтканда, программа Түркияга келип-кетүү учак билетиңди төлөп берет. Бул жерге келгенден кийин студенттерди мамлекеттик же жеке жатаканаларга жайгаштырып, окууну бүткөнгө чейин баары программа тарабынан каржыланат. Ал эми жатаканада албетте тамак бекер болуп, үй жыйнайм, идиш-аяк жууйм дебейсиң. Жөн гана окушуң керек болот. Анан да программа студентти медициналык жактан камсыздандырып, анын негизинде биз бардык мамлекеттик ооруканаларда бекер дарыланып, жада калса эң кымбат медициналык аппараттарга да бекер түшө алабыз. Андан сырткары программанын алкагында ар түрдүү акысыз курстар уюштурулуп турат. Бул жакта жөн эле билим алып кетпей, коомдук иштерге да катышып, тажрыйба топтоп келебиз. Бирок, бул мүмкүнчүлүктүн баркын билип, пайдалангандардын саны аз. Кыскасы Түркия студентке болгон шарттын баарын түзүп салган. Эң кызыгы өздөрүнүн студенттерине кандай шарт түзсө, сырттан келген студенттерге андан эки эсе көп жеңилдик түзүп, колдоп турат. Ал эми жергиликтүү элдин башка өлкөлөрдөн келген студенттерге болгон жылуу мамилесин айтсак, ал өзүнчө дастан болот. Алган стипендиябыз болсо кудайга шүгүр, кеңири жетет. Ушундай сонун шарттардан кийин стипендиясын короткусу келбеген студенттер акчаларын үйлөрүнө жөнөтүп турушат. Кыскасы мындай программа дүйнөдө чанда кезигет. Түркия бул иши менен жакында биринчи орунга чыгат деп ойлойм», - деди.

Сельчук университетинде эл аралык мамилелер багытында билим алып жаткан студент Максат Акматов:

«Түркия дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан мамлекеттерине ар кандай тармакта жардамдарын берип келет. Ал жардамдардын бири - дүйнөнүн келечеги болгон жаштарга сапаттуу билим берүүсү. Түркия өкмөтү уюштурган "Түркия стипендиялары" программасын тандап, ага кабыл алынган студенттердин арасында мен да болгонума аябай кубанычтамын. Бул программанын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү стипендиялык программалардан айырмасы чоң. Мисалы, башка өлкөлөрдө бир гана акчасын бериши мүмкүн. Ал эми жатакана табуу, окуу жайга жайгашуу, медициналык камсыздандыруу, виза алуу сыяктуу калган жумуштарына өзүңүз чуркайсыз. “Түркия стипендиялары” программасы болсо башка өлкөдөн кабыл алынган студентке өз мамлекетинен чыгып кеткенге чейин жооп берет. Студенттер бул жакка келгенде атайын дайындалган кишилер аба майдандан тосуп алышып, жатаканага жайгаштырып кетишет. Жатаканалардын сапаты да абдан жогорку деңгээлде. Бүт шарттары менен заманбап буюмдар камтылган. Ичинде тамак-аштары бекер. Ошондой эле эс алуу бөлмөсү, атайын сабак окуу бөлмөсү, жада калса кээ бир жатаканаларда машыгуу бөлмөсү менен кошо болот. Белгилей кетчү жагдай, бул жакта Кыргызстанды таанытуу үчүн иш-чаралар көп уюштурулат. Алардын көбүн "Түркия стипендиялары" программасы бардык жактан колдоо көрсөтүп келет», - деди.

Сельчук университетинде менеджмент багытында билим алып жаткан магистрант Жайнагүл Атамбекова:

«Учурда “Түркия стипендиялары” программасы түзгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түркияда окуп жатам. Окуп жатып алмашуу программасынын негизинде Европанын университеттеринен да билим алууга жетиштим. "Түркия стипендиялар" программасы мага көп ийгиликтердин эшигин ачты. Бир гана Европага гана эмес дүйнөгө да эшик ачты десем болот», - деди.

Стамбул университетинде маданият таануу бөлүмүндө билим алып жаткан магистрант Чолпонай Кабылбек кызы:

«Түркия чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн өзгөчө шарттары бар өлкө. Мисалы, жайында, кышында атайын эс алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү лагерлерине барабыз. Семинар, тренинг, конференциялар тынбай болуп турат. Өзгөчө Стамбул шаарында күнүгө эл аралык конференциялар, симпозиумдар, фестивалдар болуп турат. Бир күнүбүз дагы текке кетпей күн сайын өзүбүздү өнүктүрүүнүн үстүндөбүз. Түркияда жүрүп көптөгөн чет өлкөлөргө бардым. АКШнын Нью-Йорк шаарында, бир канча штаттарында болдум. Иерусалимге котормочу болуп да барып келдим. Пайгамбарыбыздын миражга көтөрүлгөн мусулмандар үчүн эң ыйык 3 мечиттин бири “Аль-Акса” мечитинде намаз кылуу менин чоң кубанычым эле», - деди

25-май университетинин ислам илимдери факультетинин магистранты Улукбек Рахманбердиев:

«Түркия мамлекети дүйнөдө абдан тез өнүгүп келе жаткан алдыңкы өлкө болушунун бирден бир себеби - бул билим сапатынын мыктылыгы. Студент окуусунда ийгиликтүү болушу үчүн билим алуудан башка нерсе менен алек болбошу керек. Бизге ал үчүн Түркия мамлекети бардык шарттарды түзүп берди. Кыргызстандык экенибизди билген Түркия эли бизди ата журттан келиптирсиң деп, алыстан келген, сагынып күткөн тууганындай кабыл алышат. Кээ бир учурларда көчөлөрдөн адашып кетебиз же бара турган жерди таба албай калабыз. Ошол кезде жардам сурасак, бара турган жерибизге чейин унаасы менен жеткирип коюшат.

Экинчи курсту бүтүп жатам. Бул күнгө чейин бир да милиция кызматкери мени токтотуп, документ сураган жок. Дагы бир учурду кубануу менен айта кетсем, дем алыш күндөрү чогуу окуган түрк досторубуз үйлөрүнө конокко чакырышып, ата-энелери менен тааныштырат. Түркия эли чет өлкөлөрдөн барган студенттерге экинчи үй-бүлө болууга ар дайым даяр. Түркиялыктар бизди биринчи көргөндө кытай деп ойлошот. Көздөрү кичинекей адамдардын баарын эле кытай же жапон деп ойлошот. Кызыгы аларга кичинекей көздөр аябай сүйкүмдүү көрүнөт окшойт, суктанып, кээде сүрөткө түшүп алалы деп суранышат», - деди.

Газиантеп университетинде эл аралык соода жана логистика багытында билим алган студент Байтүгөл Исламбеков:

«Мен азыркы учурда "Түркия стипендиялары" деген программа менен Түркиянын Газиантеп шаарында эл аралык соода жана логистика багытында билим алып жаткан учурум. Ал жакта билим берүү системасы таптакыр башкача. Сенин канчалык билим даражаң болсо, ошого жараша баа аласың. Түркиядагы окуу системасында коррупция деген түшүнүк жок. Мугалимдерибиз "Сен чет өлкөлүксүң", "Сен түрксүң" деп ажыратпай баарына адилеттүү түрдө билим берип, баа коюшат. Жогоруда айтып өткөн программа дүйнө боюнча Африка, Орто Азия, алыскы чыгыш өлкөлөрү жана араб мамлекеттериндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына билим берет. Бул "Түркия стипендиялары" программасынын максаты - менин оюмча, өз өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон студенттерди тарбиялап чыгуу», - деди ал.

Мармара университетинин экономикалык өнүгүү багыты боюнча докторанты Майрам Байгонушева:

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий, экономикалык жана маданий мамилелеринин жакшыртылышы өтө маанилүү. Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан түрк ишкерлери тоо-кен өнөр жайын, энергетика тармагын жана башка оор өнөр жай тармактарын колго алса, экономикалык мамилелери дагы да күчтөнмөкчү. Доллар жана евро курстарынын кескин өйдө-ылдый өзгөрүп туруусун жок кылуу үчүн, эки өлкө өз акча бирдиктерин колдонсо, оң натыйжаларга бара алабыз», - деди.

Сельчук университетинин социология багыты боюнча докторанты Азамат Арпачиев:

«Бул программа Кыргызстан үчүн билимдүү кадрларды даярдап гана чектелбестен, эки боордош өлкө ортосунда көпүрө боло ала турган жаштардын өсүп жетилүүсүн, мамилелердин күчтүү жана үзгүлтүксүз болуусун камсыздайт. 2000-жылдарга жакын Түркиянын алдыңкы окуу жайларын бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келе баштаган жаштар, адегенде Кыргызстандагы жеке секторлордун бош орундарын толуктап, бул тармактын өнүгүүсүндө чоң роль ойногонун айтып келишет. Кыргыз элинин Эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарынан тарта ишке киришкен билим берүү кызматташтыгы Кыргыз-түрк “Манас” университети менен Анадолу орто мектеби жана башка ийгиликтүү долбоорлор менен улантылды. Азыркы учурда Кыргызстанда дагы, Түркияда дагы билим берүү мекемелерин ийгиликтүү бүтүргөн кыргыз жаштары мамлекеттик жана жеке сектордун бардык тармагында өзүлөрүн көрсөтүп келишет», - деди ал.

Стамбул университетинин коом менен байланыш тармагынын бүтүрүүчүсү, «Медиа жана маданият» аттуу коомдук бирикменин түзүүчүсү Алишер Имамов:

«2012-2016-жылдар арасында Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан эң эски окуу жай Стамбул университетинде коомчулук менен байланыш жана реклама багытында Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш улуттар башкармалыгынын стипендианты катары окудум. Окууну бүтүргөндөн кийин Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымымды кошуу үчүн өлкөмө кайттым. Азыркы күндө жеке фирмамды куруп иштеп жатам. Түркияда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын көптөгөн иш-чаралары болуп турат. Аларга активдүү катышчумун. Ошондуктан, Кыргызстанга кайткандан кийин да алар мени колдоп, башка уюмдарга сунуш каттарды жиберишти. Натыйжада, бул жакта жасап жаткан иштерим да бир топ жеңилдеди. Айрыкча, көптөгөн эшиктер да ачылып жатат. "Медиа жана Маданият" аттуу коомдук бирикме түзүп, Түркияда алган тажрыйбаларымды Кыргызстанда колдонуу үчүн аракет кылып жатам. Алардан бири Стамбулдагы Медиа академиясы сыяктуу окуу жайын Бишкекте ачуу болду. Бүгүнкү күндө аты аталган коомдук бирикмебиз тарабынан Түркиянын мамлекеттик агенттиги болгон "ТИКА" уюмунун колдоосу менен медиа жаатында акысыз билим берүү курстарыбыз уюштурулуп келет. Түркия Республикасынын президенти Кыргызстанга болгон алгачкы расмий иш сапарында өлкө лидерлери жолугушуп, эки өлкө, эки эл үчүн дагы көбүрөөк пайдалуу иштерди башташат жана бул иштер кыргыз жана түрк элдеринин мамилелеринин бекемделишине себеп болот деп үмүт кыламын. Учурдан пайдаланып, бизди 4 жыл бою өлкөсүндө стипендия төлөп окутуп, конок кылган түрк элине, өзгөчө Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгына ыраазычылык билдирип кетким келет», - деди.


WhatsApp Image 2018-09-02 at 14.47.13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×