Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусу, Талас 31.08.2018 15:51

Эгемендүүлүк майрамы: Таластык 5 жаштагы Нуркыргыз 3 тонналык унааны 20 метрге сүйрөдү (видео)

Turmush -  Бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк майрамына карата Талас шаарында өткөн салтанатта бакай-аталык 5 жаштагы Нуркыргыз аттуу бала салмагы 3 тонна жакын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унааны 20 метр аралыкка сүйрөдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын устаты Нурлан Алишеровдун (Ташчайнар) айтымында, шакирти Россиядагы, Америкадагы шоуларга катышууга жолдомо алган.

«Бүгүнкү күндө 17 шакиртим бар. Алардын эң кенжеси Нуркыргыз. Өзүнүн аты азырынча сыр болуп турсун. Ата-энесинин уруксаты менен алып жүрөбүз. Алар да чогуу жүрүшөт. Машыкканына аз эле убакыт болсо дагы Бишкектен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унааны сүйрөгөн. Нуркыргыз Россиядагы Максим Галкиндин «Лучше всех» аттуу теледолбооруна жолдомо алган. Октябрь айында дагы Америкага жолдомо алганбыз. Американын 50 штатына өнөрүбүздү көрсөтөбүз деп даярданып жатабыз», - деди ал.

Нуркыргыз үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×